БОРОДИН Александр Порфирьевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОДИ́Н Александр Порфирьевич (31.10 (12. 11). 1833, Санкт-Петербург – 15. (27) 2. 1987, ошол эле жер) – орус композитору, химик. Музыкалык билим алган (фортепьянодо, флейтада, виолончелде ойногон), бир нече тил билген. Медициналык хирургия академиясын бүтүргөн (1856). Медицина доктору (1858). 1859–1862-жылдары Германияда, Францияда илимий командировкада болгон. Медициналык хирургия академиясында 1862-жылдан адьюнктура-профессор. 1864-жылдан ординардык профессор, өмүрүнүн акырына чейин химия кафедрасынын жетекчиси. 1872–1887-жылдары аялдар үчүн жогорку окуу жайын – врачтык аялдар курсун уюштуруучулардын бири жана анын окутуучусу. Химия тармагы боюнча 40тан ашуун илимий эмгектин автору. XIX кылымдын 50-жылдарында фортепьяно үчүн пьеса, романстар жаза баштаган. 1862-жылы М. А. Балакирев менен таанышып, анын «Кубаттуу топ» ийримине мүчө болуп кирген. Эӊ маанилүү чыгармасы – «Князь Игорь» операсы. Анын 1-симфониясы (1867), экинчи же Баатырдык симфониясы (1879) жана квартеттери бар. Өз чыгармаларында орус элинин улуттук духун чагылдырган. Бородиндин өрнөктүү салттарын композитор С. С. Прокофьев, Ю. А. Шапорин, А. И. Хачатурян жана башкалар уланткан. Анын музыкалык мурастары Орто Азия, Закавказье элдеринин улуттук музыкалык маданиятынын өсүшүнө да таасир берген.