БОРУКЕ МӨӉГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРУКЕ МӨӉГҮЛӨРҮ – Борбордук Теӊир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги эки мөӊгү (Чыгыш жана Батыш). Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан агып түшкөн Үч-Көл суусунунун алабында жайгашкан. Бул мөӊгүлөр кылымдын башында аянты 22,9 км2 келген бир мөӊгү болгон, эрип чегинүүдөн экиге бөлүнгөн. Ч ы г ы ш Б о р у к е мөӊгүсүнүн узундугу 7,5 км, аянты 11,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5040 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4325 м. Б а т ы ш Б о р у к е мөӊгүсүнүн узундугу 6 км, аянты 10,4 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4940 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Боруке мөңгүлөрүнүн куралуу облусу бөлөк болгону менен этеги барып биригет. Абляция облусунун жалпы аянты 9,0 км2, муздун көлөмү 1,86 км3. Мөӊгүдөн Үч-Көлдүн курамы Боруке суусу башталат.