БОР–ВАН ЛЁВЕН ТЕОРЕМАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОР–ВАН ЛЁВЕН ТЕОРЕМАСЫ – классикалык статистикалык физиканын туруктуу сырткы магнит талаасындагы электрондор системасынын магниттелиши статистикалык теӊ салмактуулук шартта нөлгө барабар экендигин аныктаган теорема. Бул теореманы 1911-жылы Н. Бор далилдеген, 1919-жылы голландиялык физик И. ван Лёвен жалпылаган. Теорема заряддалган бөлүкчөлөрдүн классикалык статистикалык механикасы ферромагнетизмди, парамагнетизмди жана диамагнетизмди түшүндүрө албайт. Заттардын магнетизми аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кванттык касиеттери менен шартталган.