БОСНИЯ ЖАНА ГЕРЦЕГОВИНА
БО́СНИЯ ЖАНА ГЕРЦЕГОВИ́НА , Б о с н и я ж а н а Г е р ц е г о в и н а Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк-Чыгыш Европадагы мамлекет. Балкан жарым аралынан орун алган. Түндүгүнөн, батышынан жана чыгышынан Хорватия, чыгышы менен түштүк-чыгышынан Сербия жана Черногория (Жаӊы Югославия) менен чектешет.

Аянты 51,1 миӊ км2. Калкы 3,3 млн (2019). Расмий тилдери – босан, серб, хорват тилдери. Борбору – Сараево шаары. Административдик-аймактык жактан 79 общинага [анын ичинен 62 си Серб Республикасынын курамында; Брчко общинасы эл аралык арбитраждын чечими менен өзгөчө дистрик (округ) деп жарыяланган] жана 10 кантонго бөлүнөт. Ал Босния жана Герцеговина Федерациясы менен Серб Республикасынын кондоминиуму болуп саналат. Акча бирдиги – алмашууга жарактуу марка (КМ).
Босния жана Герцеговина – федерациялык мамлекет [Босния жана Герцеговина федерациясынан (Мусулман хорват федерациясы) ж-а Серб Республикасынан турат]. Конституциясы 14-декабрда 1995-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысынын функциясын Президиум (эки жылга серб, хорват жана бошняк жамааттарынан бирден өкүл шайлануучу коллегиялуу орган) аткарат. Президиумду төрага башкарып, ал ар бир 8 айда алмашылат. Президиум – тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт, элчилерди дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Парламенттик Ассамблея (Элдер палатасынан жана Өкүлдөр палатасынан турат). Аткаруу бийлигин Министрлер Совети жүзөгө ашырат. Министрлер Советинин төрагасын Өкүлдөр палатасынын макулдугу менен Босния жана Герцеговинанын Президиуму дайындайт.
Саясий партиялары: Демократиялык аракеттенүү партиясы, Серб демократиялык партиясы, Хорват демократиялык союзу, Босния жана Герцеговина соц.-демократиялык партиясы.
Аймагынын 90%и тоолуу, басымдуу бөлүгүн Динара тайпак тоосу ээлейт, түштүк-чыгышы – өлкөнүн эӊ бийик жери 2386 м, Маглич тоосу. Карст формасындагы рельеф кеӊири тараган – акиташ тектүү аска, үӊкүрлөр, жер астындагы суулар. Сава дарыясын бойлой түздүк созулса, түштүккө карай жапыз тоолор жана тоо аралык ойдуӊдар өтөт. Климаты ички аймактарында мелүүн континенттик, жээктеринде жер ортолук деӊиздик, субтропиктик, тоолору салкын, нымдуу. Июлдун орточо температурасы 19–21°С, январдыкы –2... –4°С. Жылдык жаан-чачыны 800–1000 мм, тоолорунда 1500–1800 мм. Тоодон аккан суулардын энергетикалык потенциалы зор. Отузга жакын суу сактагыч


курулган. Негизги дарыялары – Сава, Врбас, Неретва, Босна, Уна. Кен байлыктары: күрөӊ көмүр, лигнит, темир, боксит, сымап, марганец, барит, таш туз, табигый курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жер ортолук деӊиздик бадалдар, жазы жана ийне жалбырактуу токой өсөт. Босния жана Герцеговинада жалпы аянты 25,05 миӊ га болгон 5 коргоого алынган табигый аймак, анын ичинен Сутьеска жана Козара улуттук парктары бар.
Негизинен бошняктар (38–52,5%), сербдер (21,5–30%), хорваттар (12–17%) жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 87,1 киши (2005). Ислам (40%) жана христиан диндерин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники –70,1, аялдарыныкы – 75,8 жаш. Шаар калкы 43% (2003). Ири шаарлары: Сараево, Баня-Лука, Зеница, Тузла.
1991–92-жылдарда аскердик чыр-чатактарга байланыштуу экономикасы кескин төмөндөп кеткен, азыркы мезгилде кыйынчылык менен калыбына келүүдө. Улуттук кирешеде айыл чарбасы 11,9%, өнөр жай 25,3%ти түзөт. Жыгаччылык, металлургия, химия, тамак-аш, текстиль өнөр жайлары бар. 2004-жылы 11678 млн кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн. Энергиянын 1/3ин Неретва, Врбас, Требишница дарыяларындагы ири ГЭСтер өндүрөт. Кара жана түстүү металлургиянын ишканалары чет өлкөлүк капиталдын жардамы менен кайра курулууда. Темир, марганец, коргошун менен цинк, боксит казып алынууда. Өнөр жайынын негизги тармагы – транспорттук машина куруу, негизинен автомобиль кыймылдаткычын, агрегатын ж. б. жасоого адистешкен. Айыл чарбасында дан эгиндери, тамеки, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Айыл чарбасына жарактуу 2 млн га жери бар. Негизги айдоо жерлери дарыя өрөөндөрүндө, ириси Сава дарыясынын өрөөнүндө, өлкөнүн түндүк жагында кант кызылчасы, соя, күн карама өстүрүлөт. Андан башка жүгөрү, буудай, арпа, сулу да бар. Айыл чарба продуктуларын жана химия өнөр жайынын продукциясын, темир, жыгачты экспорттойт. Сырттан машина жана машина жабдууларын алат. Автомобиль жолунун узундугу 22,6 миӊ км (2004), темир жолунун узундугу 1031 км. Сава дарыясында кеме жүрөт. Негизги порттору: Добой, Босански-Шамац, Босански-Брод ж. б. Негизги соода шериктери: КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрү.
Босния жана Герцеговинанын аймагында палеолит мезгилинде эле иллирийликтер жашаган. Б. з. 1-кылымында өлкөнү римдиктер каратып, аймак Рим империясынын курамына кошулат (Далмация, Жогорку жана Төмөнкү Паннония провинциясы). 5-кылымда өлкө остготтор тарабынан басылып алынган, ал эми 535-жылы Византия империясынын курамына кирген. 6–7-кылымдарда бул аймакка славян уруулары отурукташа баштаган. 12-кылымда Босния княздыгы (14-кылымдан королдук, анын курамына Герцеговина да кирген) түзүлгөн. Ири төбөлдөрдүн ич ара күрөшүнүн жүрүшүндө, 1448-жылы Босния королдугунун түштүк бөлүгүнүн башкаруучусу Степан Вукчич өзүн герцог деп жарыялап, анын ээликтери Герцеговина деп аталат. 1463-жылы Босния, 1482-жылы Герцеговина Осмон султандыгы тарабынан каратылып, Босния пашалыгы түзүлгөн. 1583-жылы төбөлдөрүнүн басымдуу бөлүгү жана калктын бир бөлүгү ислам динин кабыл

алган. 1875–78-жылдарда түрктөргө каршы Герцеговина-Босния көтөрүлүшү болуп өткөн. 1878-жылы Берлин конгрессинин чечими менен Босния жана Герцеговина Австрия-Венгриянын башкаруусуна өткөн. 1908-жылы Австрия-Венгрия өлкөнү аннекциялап алган. 1914-жылы Сараеводо австриялык тактын мураскери эрцгерцог Франц-Фердинанддын «Жаш Босния» уюмунун мүчөсү Г. Принцип тарабынан өлтүрүлүшү 1-дүйнөлүк согуштун башталышына алып келген. 1918-жылы Босния жана Герцеговина сербдердин, хорваттардын жана словендердин королдугунун (1929-жылдан Югославия) курамына кирет. 1941-жылы өлкө фашисттик аскерлер тарабынан оккупацияланып, «Көз каранды эмес Хорватия мамлекетинин» курамына кирген. Югославия оккупанттардан бошотулгандан кийин 1945-жылы Босния жана Герцеговина Югославия Элдик Федерациялык Республикасынын, 1963-жылдан Югославия Социалисттик Федеративдүү Республикасынын курамына кирген. 1990-жылы 18-ноябрда Босния жана Герцеговинада биринчи жолу көп партиялуу шайлоо болуп өткөн. Анын жүрүшүндө мусулман, хорват жана сербдердин бириккен партиясы жеӊишке жетишип, коалициялык өкмөт түзүлгөн. Бирок көп өтпөй Босния жана Герцеговинада улуттук араздашуулар күч алып, натыйжада, республиканын калкы мусулман, серб, хорват болуп үчкө бөлүнүп, ич ара тирешүүлөр башталган. 1991-жылы 15-октябрда Босния жана Герцеговинанын көз каранды эместигинин декларациясы кабыл алынган. 1991-жылы күзүндө кырдаал татаалдашып, бошняктардын, сербдердин жана хорваттардын ортосунда жарандык согуш башталган. Улуттук жаӊжалды жөнгө салуу үчүн өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген. 1995-жылы 1-ноябрда АКШнын Дейтон шаарына жакын Райт-Патерсон аскердик базасында босниялык жаӊжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Ага президенттер С. Милошевич (Сербия),


Ф. Тужман (Хорватия) жана А. Изетбегович (Босния) жана АКШдан Р. Холбрук, Россиядан С. Иванов жана Европа Союзунан К. Бильдт катышкан. Анын жыйынтыгында Босниянын аймагында теӊ укуктуу мамлекеттик түзүлүштөр – Серб Республикасы (49%) жана Босния жана Герцеговина Федерациясы (51%) түзүлгөн. 1995-жылы 14-декабрда Парижде Дейтон тынчтык келишимине кол коюлган. 2000-жылдын ортосунда А. Изетбегович Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрагалыгы кызматын өткөрүп, пенсияга кеткен. Анын ордун ротация эрежеси боюнча серб өкүлү Ж. Радишич ээлеген. 2000-жылы ноябрда кезектеги шайлоо болуп өтүп, парламентке болгон шайлоодо Серб демократиялык партиясы жеӊип чыккан.
Сараеводо согушка чейин бир нече архитектуралык эстеликтер (мечиттер менен храмдар) сакталган, согуш мезгилинде көбү талкаланган. Баня-Лука шаарынын аймагында рим форту жана рим мончолорунун калдыктары сакталган.
Ад.: Романова Э. Т. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Гильфердинг А. [Ф.] Босния, Герцеговина и Старая Сербия. СП., 1859; Гуськова Э. Ю. История югославского кризиса (1990–2000). М., 2001.