БОТБАЕВ Махмуд

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БОТБАЕВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТБАЕВ Махмуд (1898, Кетмен-Төбө өрөөнү, Ак-Чий – Кара-Суу айылы – 1981, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жергиликтүү орус-тузем мектебин, Ташкенттеги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкенттеги политехникалык техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–1924-жылдары Токтогул районундагы Мустөр болуштугунун аткомунун катчысы болуп иштеген жана жергиликтүү элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана облусунун эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун катчысы жана райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара Кыргыз Автономиялык облусунун ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–1927-жылдары Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–1928-жылдары кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары (төрагасы – Т. Айтматов), 1928–1937-жылдары «Кошчу» союзунда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө райондук аткомунун төрагасынын орун басары жана башка жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–1940-жылдары репрессияланып, 1940-жылы акталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Ысмы Токтогул шаарчасынын бир көчөсүнө берилген.