БОТВИННИК Михаил Моисеевич
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОТВ́ИННИК Михаил Моисеевич [04 (17). 08. 1911, РФ, Ленинград облусу, Куоккала (азыркы Репина) – 05. 05.1995, Москва] – шахматчы, техника илимдеринин доктору (1951), СССРдин гроссмейстери (1945), эл аралык гроссмейстер (1950), СССРдин эмгек сиӊирген спортсмени (1945). Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону (1948–1957, 1958–1960 жана 1961–1963). Шахмат теориясынын новатору жана шахмат боюнча бир нече эмгектин автору. Ленин жана башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.