БОТОЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТОЕВА Чынара Кычийевна (1968-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кутургу айылы) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2020). милициянын полковниги. 1994-жылы КМУУну бүткөн. 1995–97-жылдары КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин мамлекеттик-укук дисциплиналары кафедрасынын окутуучусу, 1997–2000-жылдары Россия ИИМдин Башкаруу академиясынын адъюнкту, 2000–07-жылдары КР ИИМдин Академиясында окутуучу, улук окутуучу, 2007-жылдан мамлекеттик-укук дисциплиналары кафедрасынын башчысы.