БРАЗИЛИЯ
БРАЗИ́ЛИЯ , Б р а з и л и я Ф е д е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Америкадагы эӊ ири мамлекет. Материктин чыгыш жана борбордук бөлүгүн ээлейт. Аянты 8,5 млн км2. Калкы

212,6 млн (2020). Түндүгүнөн Венесуэла, Гайана, Суринам, Француз Гвианасы, түндүк-батышынан Колумбия, батыштан Перу, Боливия, Парагвай, Аргентина, түштүгүнөн Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Борбору – Бразилиа ш. Расмий тили – португал тили. Акча бирдиги – реал. Административдик-аймактык жактан 26 штатка жана 1 федерациялык округка бөлүнөт.
Таблица бар
Мамлекеттик түзүлүшү
Бразилия – федерациялык мамлекет. Конституциясы 5-октябрда 1988-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (Депутаттар палатасы жана Федерация сенаты). Саясий партиялары: Бразилия Социал-демократиялык партиясы, Бразилия Демократиялык кыймыл партиясы, Эмгекчилер партиясы, Либералдык фронт партиясы.
Табияты
Аймагынын басымдуу бөлүгүн Бразилия бөксө тоолору (Бандейра чокусу, 2890 м) ээлейт, анын чыгыш четинде кууш тилке түрүндө Атлантика бою ойдуӊу, батышында Пантанал саздуу ойдуӊу жатат. Түндүгүндө Амазонка ойдуӊу жана Гвиана бөксө тоосунун тармактары (Неблина чокусу, 3014 м) жайгашкан. Эӊ түштүгүн жана түштүк-батышын Ла-Плата ойдуӊунун бир бөлүгү ээлейт. Климаты түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай нымдуу экватордук климаттан мезгилдүү нымдуу субтропикке чейин өзгөрөт. Январдын орточо температурасы 23–29°С, июлдуку 16–24°С. Аймагынын басымдуу бөлүгүнө ысык климат мүнөздүү. Амазонка ойдуӊунун батыш бөлүгү

жана Гвиана бөксө тоосунун түштүк капталы экватордук нымдуу климат. Жылына 2400–3300 мм жаан жаайт. Амазонка ойдуӊунун чыгыш бөлүгү жана Бразилия тоосу менен Гвиана бөксө тоосунун капталдары субэкватордук, жылына жаан 1200–2400 мм, жээктерде 3000 ммге чейин. Түндүк-чыгыш Бразилияда жаан 1100–400 ммге чейин азаят. Бразилиянын дарыялары көп. Аймагынын 56% Амазонка дарыясынын алабына кирет. Бразилия бөксө тоосунун чыгыш бөлүгү Сан-Франсиску дарыясынын алабына, түндүк-чыгыш бөлүгү Атлантика океанына куючу кыска дарыялардын алабына кирет, анын ичинде Парнаиба дарыясы да бар. Парана, Уругвай, Парагвай, Амазонканын көптөгөн куймалары ж. б. дарыялар бар. Суу ресурстары боюнча Бразилия дүйнөдө биринчи орунда турат. Амазонка ойдуӊун жана ага жакын жайгашкан бөксө тоонун капталдарын нымдуу экватор токою, саванналуу сейрек токой жана кургакчыл бадалдар ээлейт. Кургакчыл түндүк-чыгышына жарым чөл сейрек токою (каатинга), Бразилия бөксө тоосунун түштүк-чыгышына жана Атлантика бою ойдуӊуна тропиктик нымдуу токой, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүнө дайыма жашыл кызыл карагайлуу жана аралаш токой мүнөздүү. Темир, калай, алюминий, уран, нефть, марганец, таш көмүр, жаратылыш газы ж. б. кен байлыктар казылып алынат. Жеринин кыртышы көбүнчө кызыл түстүү латерит топурагы. Өсүмдүктөрдүн 4000ден ашык түрү кездешет. Жалпы аянты 52,6 млн га болгон 363 коргоого алынган табигый аймагы бар, анын ичинен 105 улуттук парк, аянты 14,2 млн га, ирилери – Жау, Пику-да-Неблина. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Борбордук Амазонка резерват комплекси, Пантанал коргоого алынган аймагы, Игуасу Шапада-дус-Веадейрус жана Эмас, Серрада-Капивара улуттук парктары бар.
Калкы
Калкынын 97%тен көбү бразилиялыктар; орт. жыштыгы 1 км2 21,4 адам (2005). Алар Европадан жана Азиядан келген калктардын абориген-индейлер (тупигуарани же ж. б.) жана 16–19-кылымдарда Африкадан алынып келинген негрлер (йоруба, банту, эве ж. б.) менен аралашуусунан келип чыккан. Ошондой эле португалдар, италяндар, испандар, немис, украиндер, япондор да бар. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 67,3, аялдарыныкы – 74,9 жаш. Католик динин тутат. Калкынын 95%и деӊиз жээгиндеги штаттарда жашайт. Шаар калкы 81,7% (2005). Ири шаарлары: Порту-Алегри, Белен, Манаус, Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро, Сальвадор, Белу-Оризонти, Ресифи, Куритиба.
Тарыхы
Бразилия жергесин адамдар неолит доорунан эле жердегендиги белгилүү. 16-кылымга чейин Бразилия аймагын индей уруулары (тупигуарани, тупинамбас, ботокуд, тамойос ж. б.) мекендеп келишкен. 1500-жылы Бразилиянын жээгине португал деӊиз саякатчысы Педру Кабралдын кемеси келип түшүп, жаӊы ачылган жер Португалиянын ээлиги деп жарыяланган. Португалдыктар Бразилиядан баалуу кызыл жыгач – «пау-бразил» (рауbrasil, өлкөнүн аталышы ушундан улам жаралган) ташышкан. 1549-жылы Бразилияда борбору Сальвадор шаары болгон генерал-губернаторлук негизделген. Бразилия үчүн Португалия Франция жана Голландия менен көп жылдар бою күрөш жүргүзүп келген. Колонияларда индейлердин жана негрлердин эмгеги пайдаланылып, негрлерди Африкадан алып келип турушкан. Бразилияда алтын, алмаз өндүрүү күч алып, Португалиянын эӊ бай колониясына айланат. Жолдор салынып, жаӊы шаарлар курулган, өлкөнүн борбору Рио-де-Жанейрого көчүрүлгөн. 1807-жылы Португалияны Наполеондун аскерлери басып алганда, Португалиянын королу Жуан IV качып, Рио-де-Жанейрого барып орун алган соӊ, аймакта бир кыйла өзгөрүүлөр боло баштаган. Гезит-журналдар чыгарылып, Бразилия банкы, улуттук китепкана, музей ж. б. негизделген. 1815-жылы Бразилия Португалия, Бразилия жана Алгарви бириккен королдугунун негизги бөлүгү катары эсептелип, королдук статусуна ээ болот. 1821-жылы Португалиядагы буржуазиялык революциядан кийин Бразилияда да көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алып, король Жуан IV мекенине кайтууга аргасыз болуп, уулу Педро Iни регент катары калтырган. 1822-жылы 7-сентябрда Педро I Бразилиянын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул күн улуттук майрам катары бүгүнкү күндө да майрамдалат. Португалия Бразилиянын көз каранды эместигин 1825-жылы таанууга аргасыз болот. Бирок өлкөдөгү кулчулук 1888-жылы гана жоюлуп, монархия 1889-жылы ноябрда кулатылат. 1891-жылы февралда Бразилия федеративдүү республика – Бразилия Кошмо Штаттары деп жарыяланып, конституция кабыл алынган. Биринчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия жана АКШнын кысымы астында Антанта тарапта Германияга каршы согуш жарыялап, 1918-жылы Европага бир нече аскер бригадаларын жөнөткөн. 1930-жылы аскердик хунта бийликке келип, 1945-жылга чейин бийлик жүргүзүшкөн. 1945–64-жылдарда өлкөдө демократиялык кыймыл күч алып, саясий партиялар түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын таасири күчөп, 1942-жылы Германия менен Италияга, 1945-жылы Японияга каршы согуш жарыялаган. 1944-жылы аскер корпусун (50 миӊ) Италияга жиберген. 1950–60-жылдарда Бразилия агрардык өлкөдөн агрардык-индустриялык мамлекетке

айланган. Өлкөдө агрардык, финансы жана билим берүү реформалары жүргүзүлгөн. 1960-жылы өлкөнүн борбору Бразилиа шаарына көчүрүлөт. 1964-жылы Маршал У. Кастелу Бранку башында турган аскердик-саясий топ бийликти өз колдоруна алган. Жаӊы өкмөт кабыл алынган декреттерди жокко чыгарып, саясий партиялардын иш-аракеттерине тыюу салган. Кийинки жылдары абал бир кыйла турукташып, инфляция төмөндөгөн. 1985-жылы 15-мартта 20 жылга созулган согуштук диктатуранын ордуна граждандык өкмөт бийликке келип, алгач Танкредо де Алмейда Невес президент болуп шайланган, бирок оорунун айынан ал кызматка киришпестен, анын ордуна көп узабай эле Жозе Сарней Коста келген. Өлкө демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн жана демократиялык башкарууну бекемдеген жаӊы конституция кабыл алынган. 1994-, 1998-жылдарда өткөрүлгөн шайлоодо президент болуп Ф. Э. Кардозу шайланган. Кардозунун тушунда алгач экономикада абал бир топ жакшырып (1997-жылы Бразилия ИДПнин өндүрүлгөн көлөмү боюнча өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кирген), бирок 1998-жылы кайрадан экономикалык кризис башталган. 2002-жылы шайлоодо бразилиялыктар өз добуштарын эмгекчилер партиясынын өкүлү Л. И. Лула да Силвага беришкен. Азыркы учурда тышкы карызы өтө көп (120 млрд доллар) болгондугу, калк турмушунун начардыгына карабастан, Бразилия бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Бразилия Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында чечүүчү ролду ойноп келет.
Экономикасы
Түштүк Америкадагы экономикалык потенциалы күчтүү индустриялык-агрардык өлкө. ИДПде өнөр жайдын үлүшү 28,2%, айыл чарбаныкы –10%, курулуш –7,3%, электр, газ жана суу –3,4% (2004). Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 3640 доллардан (АКШ) туура келет. Бразилия өнүккөн он өлкөнүн катарына кирет. Автомобиль, трактор, станок, ошондой эле компьютер, авиатехника ж. б. жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу боюнча 1-орунда. Бразилиянын аймагы 5 экономикалык районго бөлүнөт: Түштүк-Чыгыш (Минас-Жерайс, Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Эспириту-Санту штаттары), Түштүк (Парана, Риу-Грандиду-Сул, Санта-Катарина), Түндүк-Чыгыш (Алагоас, Баия, Мараньян, Параиба, Пернамбуку, Пиауи, Риу-Грандиду-Норти, Сеара, Сержипи), Борбордук-Батыш (Гояс, Мату-Гросу, Мату-Гросу-ду-Сул, Федерация округу) жана Түндүк (Акри, Амазонас, Амапа, Пара, Рондония, Рорайма, Токантинс). Өнөр жайы – экономикасындагы башкы тармак. Өнөр жайынын 65% жакыны Сан-Паулу штатында жайгашкан. Нефть өндүрүү боюнча Латын Америкасында 3-орунда

турат. Нефтинин 80% Атлантика океанынын шельфинен казылып алынат. Негизги нефть иштетүүчү жана нефть-химия өнөр жайынын борборлору – Дукиди-Кашиас, Сан-Жозе-дус-Кампус, Бетим, Паулиния, Матарипи ж. б. Газ өндүрүү б-ча 5-орунда (Латын Америкасында). Негизинен Кампус жана Сантус бассейндеринен өндүрүлөт. 2003-жылы 305,9 млрд кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80%и ГЭСтен алынат. Темир, марганец, түстүү металл (ниобий, бериллий, тантал), боксит, нефть, таш көмүр казылып алынат. Кара металлургия өнөр жайы толугу менен өзүнүн жогорку сапаттагы темирдин негизинде иштейт. Чоюн жана болот эритүү боюнча дүйнөдөгү алдыӊкы он өлкөнүн ичине кирет. Машина куруу (анын ичинен автомобиль, авиация, кеме, айыл чарба машиналары) радиоэлектроника, нефть, химия, нефть-химия, цемент, целлюлоза-кагаз, текстиль (негизинен кебез кездеме), тамак-аш-татымал (кант, май, эт, тамеки) өнөр жайлары жана негизги товардык айыл чарба өсүмдүктөрү өнүккөн. Аймагынын 32% (2,8 млн км2) иштетилет. Кофе (дүйнөдө алдыӊкы орунда, жылына 0,9 млн т өндүрөт), бал камыш (302 млн т), какао, банан, соя ж. б. өстүрүлөт. Малы жайытта багылат. Бодо мал (152 млн), чочко, кой (эт, жүн багытында), жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Деӊизден жана дарыядан балык кармалат. Гевея ширеси, карнауб мому, бразилия жаӊгагы чогултулат. Темир жолунун узундугу 29,4 миӊ км, автомобиль жолунуку 1,9 млн км, ички суу жолунун узундугу 31 миӊ км (1994). Деӊиз соода флотунун тоннажы 9,3 млн т дедвейт (1994). Нефть куурунун узундугу 5,2 миӊ км. Сыртка транспорт жабдууларын, темир кенин жана концентраттарды, алюминий, темир, кофе, апельсин ширесин, эт (уй), кант, тамеки, текстиль буюмдарын, булгаары бут кийим чыгарат. Сырттан машина жана механикалык приборлорду, минерал, отун, хим. өнөр жай продукцияларын, көмүр, жер семирткич, буудай, азык-түлүк алат. Айыл чарба продуктуларын экспорттоо боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Ири деӊиз порттору: Форталеза, Сальвадор, Рио-де-Жанейро, Порту-Алегри, Парамарибо, Сантус, Риу-Гранди, Паранагуа, Турбаран, Сан-Себастьян. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Европа шериктештигиндеги өлкөлөр, Аргентина, Канада.
Маданияты
Алгачкы мектептерди 16-кылымдын ортосунда иезуиттер ачкан. Алар Бразилиядан куулгандан кийин бул мектептер жабылып, граждандык мектептер ачылган. ЖОЖдордун саны өскөн. Бардык ири шаарларында улуттук китепканалары, тарыхый-этнографиялык музейлери, ботаникалык бак, зоопарк, собор бар. Конакабана, Ипанема ж-а Лебнон океан пляждары менен даӊазаланат. Алгачкы адабий жазуулары 16–17-кылымдарга таандык. Фольклору үч поэтикалык салттын биримдигинен турат. 17–18-кылымдарда улуттук адабият пайда болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан адабиятында романтизм үстөмдүк кылган, бир нече илимий эмгек жарыкка чыгып, көптөгөн драмалар жазылган. Улуу Октябрь революциясынын жеӊиши жана Бразилия компартиясынын түзүлүшү прогрессчил адабияттын өсүшүнө чоӊ


таасир тийгизген. Бразилия элинин музыкасы португал, негр, индейлердин музыкасынын негизинде пайда болгон. Элдик ыр-бийлер кеӊири өнүккөн. Музыкалык академия, улуттук опера балет театры, консерватория, улуттук музыкалык институту, симфониялык оркестри бар. Бразилияда таш скульптуралар, геометриялык оймо-чиймелери бар карапа буюмдар жана таш бетине тартылган сүрөттөр сакталып калган. 16-кылымдын башында португалдар тарабынан Бразилиянын чет жакаларына Сальвадор, Ресифи, Рио-де-Жанейро сыяктуу шаарлар курулган. Бразилиянын архитектурасы 1920-жылдан баштап тез өскөн. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы чыгармалары 16–17-кылымдарда пайда болгон, улуттук реалисттик сүрөт өнөрү менен графика өнүгө баштаган. Театры 16-кылымда эле пайда болгон. Анда бразилиялык классицизмдин өкүлдөрүнүн пьесалары коюлган. 20-кылымдан баштап туруктуу драма труппалары уюштурула баштаган. 1950-жылдары Дулсиндер-Одилон, А. Гарриду, Ж. Коста ж. б. көрүнүктүү актёрлордун жетекчилиги менен комедия театрынын труппасы түзүлгөн. 1960-жылдары «Театру диарена», «Офисина», «Опиниан» театр труппалары иштеп, А. Саусун, Ж. Андради, А. Боаланын пьесалары менен бирге Шекспир, Мольер, Чехов, М. Горький ж. б. авторлордун драмалык чыгармалары коюлган. Ал эми кино искусствосу

1903-жылы пайда болгон. 20-жылдары Кампинас жана Ресифиде кино өндүрүшү түзүлүп, негизинен чет өлкөлүк фильмдердин бразилиялык варианты чыгарылган. Биринчи тартылган фильмдерге көбүнчө атактуу ырчылар катышып, анда улуттук ыр, обондор пайдаланылган. Бразилияда алгачкы гезит 1809-жылы чыккан. Ал эми атайын информациялык «Аженсия Насионал» агентчилиги 1934-жылы негизделген. 1921-жылдан радиоуктуруусу, 1952-жылдан телекөрсөтүүсү башталган. Бир нече радио жана телестанциялары иштейт.
Ад.: Очерки истории Бразилии. М., 1962; Помбу Р. Истории Бразилии. М., 1962; Лукашова Е. Н. Южная Америка. Физическая география. М., 1958; Люди и ландшафты Бразилии. М., 1958.