БРАЙЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРАЙЛЬ – көзү азиз адамдар жазууга жана окууга ылайыкташтырылган одуракай, чекиттүү шрифт. Француз тифло-педагог, көрүүсү бузулган балдарды окутуп-тарбиялоочу адис Луи Брайль тарабынан иштелип чыккан. Мында тамгалар 6 томпок чекиттин комбинацияларынан түзүлөт. Сандарды тыныш белгилерди, математикалык, химиялык жана ноталык белгилерди айырмалоо үчүн чекиттер кошумчаланган комбинациялар түзүлөт. Азыр бүткүл дүйнөдө кеӊири колдонулат. Ал шрифт менен жазылган туӊгуч китеп 1837-жылы Францияда, кийин 1885-жылы Россияда басылып чыккан.