БРЕЗЕНТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРЕЗЕ́НТ (голл. presenning) – кендир же кебезден токулган тыгыз бышык кездеме. Брезент суу өткөрбөөчү жана чиритпөөчү заттар сиӊдирилген жиптерден токулат. Ал материалдардын, машиналардын жабуусу катары, ошондой эле атайын кийимдерди, бут кийимдерди жасоодо колдонулат.