БРИАН-КЕЛЛОГ ПАКТЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИА́Н-КЕ́ЛЛОГ ПАКТЫСЫ , П а р и ж п а к т ы с ы 1928-жылы 27-августта Парижде 15 мамлекет (Франция, АКШ, Германия, Улуу Британия, Япония ж. б.) тарабынан кол коюлган жана 1929-жылдын 24-июлунда күчүнө кирген. Сунуштун демилгечилери – Франциянын тышкы иштер министри А. Бриан жана АКШнын мамлекеттик катчысы Ф. Келлогдун ысымдарынан аталган. Анда улуттук саясатты жүргүзүүнүн куралы катары согушту пайдалануудан баш тартуу макулдашылган. Кийинчерээк пактыга дагы 48 мамлекет кол койгон. Бриан–Келлог пактысы эл аралык укуктун өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон.