БРИДЖТАУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИ́ДЖТАУН – Барбадос мамлекетинин борбор шаары. Атлантика океанынын жээгинде, Барбадос аралынын түштүк-батышында жайгашкан. Өлкөнүн башкы порту. Калкы 110,0 миӊ (2014). Эл аралык аэропорту, тамак-аш, жеӊил өнөр жайы бар. 17-кылымда негизделген. Илим жана искусство коллежи (университеттин астында), калк китепканасы, галерея, музей иштейт. Өкмөт (18-кылымдын аягы) жана парламент жайгашкан имарат, Ж. Вашингтондун үйү (1751), Ыйык Михаил собору, театры менен Король паркы бар. Трафальгар гүлбак аянтында адмирал Г. Нельсонго эстелик тургузулган. Сыртка кант, патока, ром чыгарылат. Курорт.