БРИСБЕН
БРИ́СБЕН – Австралиянын чыгышындагы шаар. Квинсленд штатынын административдик борбору. Калкы 2,3 млн (2016.). Брисбен дарыясынын боюнда, Тасман деӊизинин жээгинде жайгашкан. Ири жолдор тоому. Океан кемелери үчүн ыӊгайлуу порт. Эл аралык аэропорту бар. 1824-жылы негизделген. Шаардын тарыхый борборунда ратуша, парламент үйү, айкелдер композициясы жайгашкан. Король Георгий аянты университеттер, музей, искусство галереясы, театрлар ж. б. бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык кинофестивалдар, бүткүл дүйнөлүк «Экспо-1988» көргөзмөсү өткөрүлүп турат. Брисбен – өлкөнүн ири өнөр жай борбору. Машина куруу (станок, өнөр жай жабдуулары, локомотивдер), химия, нефть-химия, нефть ажыратуу, тамак-аш, жеӊил өнөр жай ишканалары, кеме верфи иштейт. Аскерий вертолёттор чогултулат.