БРОЙДО Григорий Исаакович
БРОЙДО Григорий Исаакович [07.11. 1884, Вильно (азыркы Вильнюс), Россия империясы – 23. 05. 1956, Москва, СССР] – советтик партиялык ишмер, 1905–1907-жылдардагы жана 1917-жылдагы Февраль революцияларынын катышуучусу. 1902-жылы жергиликтүү гимназияны, 1909-жылы Петербург университетинин жогорку юридикалык факультетин бүтүргөндөн кийин Ташкент шаарында адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. Ташкенттеги темир жолчуларды революциялык кыймылга чакырык жасаганы үчүн 1912-жылы Пишпекке (азыркы Бишкек) сүргүнгө айдалган. 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылына (кара: Үркүн) катышкан деген күнөө менен кызматтык чини төмөндөтүлүп, Казалинскдеги (азыркы Казалы шаары, Казакстан) запастагы 1-Сибирь аткычтар полкунун карамагына жиберилген. Жети-Суу аймагындагы куралдуу көтөрүлүш тууралуу Г. Бройдо 1916-жылы 3-сентябрда Ташкенттеги сот палатасынын прокурору Адамовго сурак берген. Ал анда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себептерин (жергиликтүү калктын укуксуздугу, айдоо-жайыттардын тарышы ж.б.) ачып, 1905-жылы түзүлгөн Келгиндер башкармалыгынын саясий ишмердүүлүгүн катуу сынга алган. Анын биринде Пишпек уездинде жергиликтүү калк үчүн айдооого жарактуу жер жылына 3-4 айга гана жарактуу Суусамыр өрөөнүнөн бөлүнгөнүн көрсөткөн. Февраль революциясынан кийин Ташкенттеги солдаттар депутаттарынын, көп өтпөй Жумушчу жана солдаттар депутаттарынын Советин жетектеген. 1918-жылдан Түркстан АССРнин БАКнын Москвадагы ыйгарым өкүлү, 1919-жылы Самарадагы партиялык мектепте бөлүм башчы, ошол эле жылы Чыгыш фронтунда Аскер революциялык советинин мүчөсү, 1919–1920-жылдары РСФСРдин БАКы жана Эл комиссарлар советинде (ЭКС), Улуттар советинде Түрк комиссиясынын тышкы иштер боюнча бөлүм башчы, 1920–1923-жылдары РСФСРдин Улуттар советинде эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. 1921-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетин уюштуруп, анын 1-ректорлугуна дайындалган. 1925–1930-жылдары ВКП(б)нын басма иштери боюнча бөлүм башчынын орун басары, Саратов коммунисттик университетинин ректору, 1933–1934-жылдары Тажикстан КП БКнын 1-катчысы, 1934–1941-жылдары бир катар жогорку советтик-партиялык кызматтарды аткарган. 1941-жылы партиядан чыгарылып, 1945-жылы он жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган. 1953-жылы мунапыс алып, 1955-жылы партиялык билети кайтарылып берилген. Анын 1916-жылдагы үркүн тууралуу китеби Кыргызстандын тарыхын окутууда маанилүү булактардын бири болуп саналат.
Эмг.: Национальный и колониальный вопрос. М., 1924; Восстание киргиз в 1916 г.: (Мое показание прокурору Ташкентской судебной палаты, данное 3-го сент. 1916 г.). М., 1925.