БРОНХОСКОПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХОСКОПИ́Я – атайын аспап–бронхоскоптун жардамы менен дем алуу жолдорун изилдөө ыкмасы. Бронхоскопия диагноз коюу жана дарылоо максатында, ошондой эле кекиртек менен бронхтон бөтөн заттарды алып салуу үчүн колдонулат. Оорулуунун абалы начар убакта бронхоскопия жасоого болбойт.