БРУДНЫЙ Арон Абрамович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУ́ДНЫЙ Арон Абрамович (13. 1. 1932, Фрунзе – 14.3.2011, Бишкек) – философия илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1987), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1996). КМУнун тарых (1953, сырттан), КММИнин дарылоо (1953) факультеттерин бүтүргөн. 1957–59-жылдары КММИде окутуучу, 1959-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Философия жана укук институтунун улук илимий кызматкери, сектор башчысы, 1984–98-жылдары бөлүм башчысы, 1994–99-жылдары КРСУда кафедра башчысы, Борбордук Азия-Америка университетинин лаборатория башчысы болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 6 монографиянын автору. Алар негизинен семантика жана психолингвистиканын философиялык маселелерин изилдөөгө арналган. Эмгектери немец, англис, француз, испан, италян, португал, япон тилдеринде жарык көргөн. Кыргызстан психологдор жана антропологдор коомунун президенти болгон. Жазуучу, драматург катары жараткан «Спритический сеанс» жана «Большая игра» пьесалары Москвада коюлган.


Чыг.: Новое мышление. Ф., 1988; Понимание и общение. М., 1989; Другому как понять тебя. М., 1989; Пространство возможностей. Б., 1999; Персонитика. М., 2003; Психологическая герменевтика. М., 2005.