БУГ ТҮШТҮК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУГ ТҮШТҮК, Т ү ш т ү к Б у г – Украинанын түштүк-батышындагы дарыя. Узундугу 792 км, алабынын аянты 63740 км2. Подол дөӊсөөсүнөн башталып, Кара деӊиздин Днепр-Буг лиманына куят. Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Ноябрь – январда тоӊуп, мартта ачылат. Ири куймалары: Згар, Ров, Кодыма, Чичиклея (оӊ); Соб, Синюха, Мертвовод, Ингул (сол). Вознесенск шаарынан тартып кеме жүрөт. Жээгинде Николаев, Первомайск, Винница, Гайворон, Хмельницский шаарлары жайгашкан.