БУДДИЗМ
БУДДИ́ЗМ – дүйнөдөгү үч чоӊ диндин бири. Байыркы Индияда б. з. ч. 6–5-кылымдарда чыккан. Уламыш боюнча ага Будда негиз салган. Адегенде брахманизмдин бир тармагы катары пайда болуп, анын айрым түшүнүктөрүн (жандын көчүп жүрүшү, тозок, бейиш) мурастап алган; бирок брахмандардын касталарды актаганына каршы турган. Алгачкы Буддизм «хинаяна» («кичине араба» же «тар жол») деп аталып, «азап тартуу» жана «жан куткаруу» жагынан адамдар теӊ укуктуу деп эсептелген. Б. з. ч. 3-кылымда Индияны сурап турган Ашок падыша Буддизмди мамлекеттик дин деп жарыялаган. 1-кылымда Индиянын түндүк-батыш тарабында Буддизмдин «махаяна» («чоӊ араба» же «улуу жол») деген жаӊы түрү пайда болот. Анын догматтарында б о д и с а т в а л а р, башкача айтканда «жан куткарууга көмөктөш теӊирлер» чоӊ орун ээлейт. Будда философия системасынын негизинде д х а р м а л а р теориясы жатат. Бул теория боюнча материалдык жана рухий нерселердин баары бир агымга кошулуп, айрым элементтерден турат. Элементтер туруксуз жана опаасыз келет, ошондуктан элементтерден тургандын баары («көрүнүштөр дүйнөсү») чыныгы реалдуу болмуш боло албайт. Ар бир элементтин түбөлүк, өзгөрбөс, түшүнүп болбос ээси бар, ал дхарма деп аталат. Дхармалар өтө көп, бирок алардын 75 түрү гана чыныгы реалдуу болмуш («маӊыз дүйнөсү») боло алат. Дхармалардын өз ара айкалышынан жекече аӊ-сезим жаралат. Жандануунун азап-тозок тартышын Буддизм жашоонун мааниси деп санайт. Буддизмдин эӊ башкы диний догматы жандын кубулуп, бир түрдөн экинчи түргө өтүп, жаӊы түспөл алып турушу жөнүндөгү түшүнүккө негизделген. Бул ишеним боюнча, дхармалардын тутумдашкан белгилүү бир тобу («комбинациясы») жандуу нерсени жашатып турат; ал «комбинацияга» биригип, жан кубулат. Натыйжада падыша (раджа) кул болуп, кул падыша болуп кубула алат. Дхармалардын жаӊы «комбинациясын» карма жаратат, ал эми карма болсо өткөн чакта жасалган «күнөөлөр» менен «сооптордун» кошундусу деп түшүндүрүлөт. «Сообу», «күнөөсүнөн» ашып түшсө, кубулуу эӊ мыкты болот. Кубулуунун түпкү чеги – нирвана (өчүү, сиӊүү маанисинде). Буга жеткенде, жандын кубулушу токтолот, жандуу нерсе азап-тозоктон биротоло арылат. Адам кечилдик (монахтык) жол менен кетсе гана «нирванага» жетиши мүмкүн. Индияда Буддизм менен брахманизмдин жанаша жашап, жакындашып отурушу акыры жаӊы диндин – индуизмдин пайда болушун шарттаган. 10-кылымдын башында Индияда Буддизм маанисин жоготкон. Бирок Буддизм Тибет, Кытай, Корея, Япония, Инди-Кытай мамлекеттерине, Монголия, Таиланд, Индонезия, Россияга (бурят, калмак, тува элдерине) ж. б. таралып кеткен. Ал жергиликтүү диний түшүнүктөр менен айкалышып, мазмунун жана формасын өзгөртүп отурган. Мисалы, Тибет менен Монголияда Буддизм ламаизм түрүнө өткөн.
Ад.: Ильинг Г. Ф. Религия древней Индии. М., 1959; Кочетов А. Н. Буддизм. М., 1968.