БУЛА БӨЛГҮЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУЛА БӨЛГҮЧ – пахта буласынан чигит бөлүүчү машина. Анын үбөлүктүү (валиктүү) жана араалуу түрү бар. Ү б ө л ү к т ү ү була бөлгүч машинанын негизги бөлүгү тери оролгон жумуру үбөлүктөн; а р а а л у у була бөлгүч тасма оролгон тиштүү үбөлүктөн турат. Араалуу була бөлгүч иштетилбеген орто булалуу пахтаны араанын тишинде кармап чигитинен ажыратат. Үбөлүктүүсү үбөлүктөрдүн ортосунда кысуу ыкмасы менен бөлөт.