БУРАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАНА – орто кылымдагы Караханиддер дооруна таандык (11-кылым) тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 12 км түштүк тарапта, Дөӊ-Арык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара жөнүндөгү алгачкы маалымат 16-кылымда тарыхчы Мухаммед Хайдардын

«Тарихи-и Рашиди» деген эмгегинде кездешет. Бул байыркы эстеликти алгач 1851-жылы археологдор Воронин жана Нифантьев, 1861-жылы М. И. Венюков, 1886-жылы В. Д. Городецкий, 1890-жылы В. В. Бартольд, Н. Ф. Петровский, В. М. Флоринский, токмоктук край таануучу В. П. Ровнягин ж. б. изилдеген. Кийин 1937-жылы Б. М. Зима, 1938-жылы А. Н. Бернштам, 1970–71-жылдары П. Н. Кожемяко, Д. Ф. Винник жетектеген археологиялык экспедициялар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга (жактарынын уз. 12,312,3 м, бийиктиги 5,6 м) сегиз кырдуу пайтүбү (цоколунун калыӊдыгы 40 см, бийиктиги 70 см) түптөлүп, цилиндр түрүндө (түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын) тургузулган мунара чептин ичине жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер (бузулбас үчүн үстүнө тактай төшөлгөн) орнотулган. Адегенде мунаранын бийиктиги 40 м болгон, азыркы мезгилде 22 м. Анын төбөсү жер титирөөдөн кулаган, батыш жак бөлүгү аба ырайынын таасиринен бир топ жапа чеккен, ал эми гидроизоляциянын болбогондугу сегиз кырдуу пайтүптүн жок болуп кетишине алып келген. 1927–28-жылдары Н. М. Бачинский жана М. М. Логинов тарабынан биринчи жолу эстеликти оӊдоо иштери жүргүзүлгөн, ошонун натыйжасында Бурана биздин күнгө чейин сакталып калды. Бурана – Борбордук Азиядагы мунара-архитектура эстеликтеринин эӊ байыркысы. Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деӊгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасындагы курулуштун калдыктары, чеп-дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 1971–75-жылдары В. В. Помаскин жана П. С. Факторович жетектеген топ тарабынан оӊдолуп, калыбына келтирилген.
Ад.: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.
Ш. Керимова.