БУРГУЛОО КОРОНКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО КОРОНКАСЫ – тоотектерди бургулоодо, бургулоочу аспаптардын (колонкалык ж. б.) учуна атайын катуу куймалардан даярдалып кийгизилген элемент. Бургулоодогу максаттарга, бургулоочу станоктордун тибине ж. б. жагдайларга жараша шакекче, шарошка, жумуру кескичтер түрүндө, миздерине катуу куймалар же алмаз бүртүкчөлөрү ширетилип, өлчөмдөрү ар башкача даярдалат.