БУРЯТТАР
БУРЯТТАР (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Республикасынын жергиликтүү калкы. Иркутск облусунун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу менен Чита облусунун Ага-Бурят автономия округдарында, ошондой эле Түндүк Монголия жана Түндүк Чыгыш Кытайда да жашашат. Жал-

пы саны 550–690 миӊ адам (2010), анын ичинен Бурятияда 286,839 (2010). Бурят тилинде сүйлөшөт, монгол жана орус тили да колдонулат. Дини – христиан, ошондой эле будда динин жана шаманизмди тутушат. Буряттардын этностук негизин түзгөн айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар б. з. ч. 3-кылымдын башталышында Борбордук Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, түрк ж. б.) курамына кирген. 8–9-кылымдарда Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир бөлүгү болуп, мында курыкан жана байырку-байегу уруулары жашаган. Буряттар 11–13-кылымдарда Монгол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык жана маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними жөнүндө алгач мон-голдордун «Көӊүлдө ыйык сактала турган жомоктор» (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Буряттар 17-кылымдын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын биригүүсүнүн негизинде калыптанган. Бул мезгилде Буряттар Жунгар хандыгынын курамында болгон. 17-кылымдын ортосунда Байкал аймагы Монголиядан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекеттүүлүгүнүн шартында ар түрдүү топтор жана уруулардын консолидация процесси башталган. 19-кылымдын аягында бурят этносу түзүлгөн. 1921-жылы Ыраакы Чыгыш Республикасынын курамында Бурят-Монгол автономия облусу, 1922-жылы РСФСРдин курамында Бурят-Монгол автономия облусу, 1923-жылы Бурят-Монгол АССРи, 1958-жылы Бурят АССРи, 1992-жылы Бурят Республикасы түзүлгөн. Буряттар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык менен кесиптенишип, көчмөн турмуштагы Буряттар жыгач жана кийизден жасалган алты жана сегиз кырдуу боз үйлөрдө жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири менен жыгачтан жасалган үйлөрдү курушуп, боз үйлөрдү кошумча колдонушкан. Аялдар түрдүү түстөгү кездемелерден кооздолуп жасалган көйнөк кийип, эки өрүм чачына алтын-күмүштөн жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, көркөмдөлүп саймаланган узун көйнөк кийип, белине күмүш кур, ал эми байлар жана нойондор жогорку социалдык абалын күбөлөндүргөн атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары жана жер-жемиштер. Сүттөн жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат.
Ш. Керимова.