БУФЕРДИК ЗОНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУФЕРДИК ЗО́НА , к о р г о л у у ч у з о н а – корукту тегерете чектеп турган зона (тилке). Анын чегинде табигый режимди бузууга багытталган бардык иш-аракеттерге тыюу салынат. Буфердик зонада бардык чарбалык иш-чаралар коруктун администрациясы менен макулдашылат. Буфердик зонаны түзүү маселеси корук уюшулганда кошо же зарыл учурда чечилет.