БУХАРА ВИЛАЙЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРА́ ВИЛАЙЕТИ (мурда Бухара облусу) – Өзбекстан Республикасындагы административдик бирдик. 1938-жылы 15-январда уюшулган. Аянты 39,4 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2020), шаар калкы 37%. Облуста 11 туман (административдик район), 11 шаар, 3 шаарча бар. Борбору – Бухара шаары. Облустун аймагы түндүк-батышка жантайыӊкы, дөӊсөөлүү (Тамды-Тоо, бийиктиги 922 м; Букен-Тоо 764 м, Кулжук-Тоо 785 м ж. б.), көпчүлүк бөлүгү Кызыл-Кум чөлүнүн түштүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Заравшан өрөөнү жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –5°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ммдей. Башкы дарыялары – Заравшан жана Аму-Дарыя. Аллювий, шалбаа, саз топурактуу. Бадал, сөксөөл, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Варданзин, Кара-Көл жана Кызыл-Кум коруктары бар. Табигый газ (ири кени – Газли; Уралдан Борборго, Ташкен аркылуу Кыргызстанга жана Казакстандын түштүгүнө газ кууру өтөт), нефть казып алынат. Калкынын көпчүлүгү өзбектер, ошондой эле тажик, казак, татар, орус, каракалпак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. 1 км2 жерге 35 киши туура келет. Жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, жибек түрүү ж. б.), тамак-аш (анын ичинде май, шарап) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борбору – Бухара шаары. Сугат дыйканчылыгы (Аму–Бухара каналы ж. б.) өнүккөн. Мал чарба продуктусунун 80%ин көрпө алынуучу кой чарба түзөт. Айыл чарбасынын негизги тармактары: пахтачылык, кара көл коюн асыроо, жибекчилик. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, сүт жана эт багытындагы уй багуу да өнүккөн. Кийинки мезгилде Заравшан өрөөнү облустун жеӊил өнөр жайы өнүккөн маданий борборуна айланды. Илгертен келаткан көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, токуу, металлды чегелөө, көркөм карапа) өнүккөн. Эки ЖОЖ, театрлар, тарых, край таануу музейлери бар. Көркөм кол өнөрчүлүктүн борбору.