БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭКСПЕРТИ́ЗА – ишкананын абалын же чарба ишинин кээ бир элементин, ошондой эле кызматчынын аткарган жумушун изилдөө жана мамлекеттик эсеп-кысаптын тактыгын текшерүү жолу. Ал үчүн документ, эсептеги жазуу, баланс жана отчёт пайдаланылат. Бухгалтериялык экспертизага сот-тергөө органдарынын чечими керек. Бухгалтериялык экспертизаны финансы, экономикалык жана эсеп-кысап иши боюнча квалификациялуу адис-эксперт аткарат. Бухгалтериялык экспертиза иши колдонулуп жаткан мыйзамга, инструкцияга, методикалык көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.