БУХГОЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ
БУХГО́ЛЬЦ ЭКСПЕДИЦИЯСЫ 1714–20-жылдарда Казакстандын Иртыш боюна орус аскерлерине чеп куруу үчүн уюштурулган. 1714-жылы Пётр I лейбгвардия подполковниги И. Д. Бухгольц башында турган аскердик экспедицияны Чыгышка жиберүү тууралуу Указга кол койгон. 70тей замбирек менен куралданган 3 миӊге жакын аскерлер Тобольск шаарынан чыгып, 1716-жылы Иртыштын жээгинде Омск, Ямышев, 1717-жылы Железинск, 1718-жылы Семипалатинск, 1720-жылы Коряков (Павлодар), Усть-Каменогорскиде аскердик-инженердик курулуштарды, кийин Верблюжский, Черноморский, Осморожский, Семиярский ж. б. согуштук коргонуу жайларын салышкан. Ал мезгилде жуӊгарлар менен кармашып жаткан казактар Россиянын бул баскынчылык аракеттерине каршылык көрсөтө алышкан эмес. Бул чептер кийин Россияга Сары-Арканы, Иртыш бою менен Алтайды толугу менен басып алууга ыӊгайлуу жагдай түзгөн Кузнецк, Сибирь ж. б. аскер чептерин курууга мүмкүнчүлүк берген.