БУХЕНВАЛЬД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́ХЕНВАЛЬД – немецтик-фашисттик концентрациялык лагерь. 1937-жылы Веймарга (Германия) жакын жерде уюштурулган. 8 жылда 239 миӊ адам Бухенвальддын туткунунда болуп, 56 миӊи өлтүрүлгөн. Алгач немец антифашисттери кармалса, 2-дүйнөлүк согуш учурунда көптөгөн улуттардын өкүлдөрү кармалган жана алар Бухенвальд аймагында жайгашкан немецтик ири өнөр жай иш

Бухенвальддагы нацизмге каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучуларына тургузулган монумент. Скульптор Ф. Кремер.

каналарында иштөөгө мажбурланган. Немецтик «Фау» самолёт-снаряддары даярдалган Бухенвальддын жер астындагы филиалы – «Дора» түрмөсүндөгү (Бухенвальддын филиалы) оор шарттар туткундардын массалык өлүмүнө алып келген. Лагерде жашыруун антифашисттик уюм иштеген. 1945-жылы 11-апрелде башталган туткундардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында Бухенвальд кыйратылган. 1958-жылы Бухенвальддын баатырларына жана курман болгондорго арналган эстелик-курулуш комплекси ачылган.