БУХТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́ХТА (нем. Bycht) – океан, деӊиз, булуӊ же көлдүн кургактыкка бир аз кирип турган чакан бөлүгү. Кээде ачык деӊизден тумшуктар, аралдар, сайроондор аркылуу бөлүнүп да калат. Бухта көбүнчө кеме токтоого ыӊгайлуу болот. Ысык-Көлдө Барскон, Күрмөнтү, Кызыл-Суу, Чолпон-Ата, Тамга Бухталары бар.