БУШ Жорж
БУШ Жорж (12. 6. 1924-жылы туулган, Америка Кошмо Штаттары, Массачусетс штаты, Милтон – 30. 11. 2018, Хьюстан, Техас) – америкалык саясий жана мамлекеттик ишмер; АКШнын 41-президенти (1989–1993). АКШ сенаторунун уулу. 2-дүйнөлүк согуш учурунда аскер-деӊиз авиациясында кызмат өтөгөн. Согуштан соӊ Йель университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Техаста нефть компаниясын негиздеген. 1966-жылы Республикалык партиядан Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына шайланган. 1971–1972-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунда АКШнын туруктуу өкүлү, 1974–1975-жылдары АКШнын Пекиндеги байланыш миссиясынын жетекчиси. Респликалык партиянын 1974-жылы Никсондун отставкага кетүүсүн талап кылган комиссиясынын төрагасы болгон. 1971–1975-жылдары ар кандай дипломатиялык иштерди аткарган, 1976–1977-жылдары Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору, 1981–1989-жылдары Р. Рейгандын администрациясында вице-президент, 1989-жылдан АКШнын президенти. Ал эл аралык мамилелерге

өзгөчө көӊүл буруп, президент М. С. Горбачевдун саясатын колдогон. 1991-жылы Кувейтти ирактык аскерлерден бошотууда анын демилгеси менен уюштурулган «Чөлдөгү бороон» согуштук операциясы ийгиликтүү ишке ашкан.