БУЭНОС-АЙРЕС
БУЭНОС-А́ЙРЕС – Аргентина Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан федерация округу катары өзүнчө бөлүнгөн. Ла-Плата эстуарийинин түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2017; Чоӊ Буэнос-Айрес жана шаар айланасы менен 14,5 млндон ашуун). Айланасындагы 18 шаарчаны бириктирип, Чоӊ Буэнос-Айрес деп аталат. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 50%тен ашыгы чыгарылат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина

куруу (анын ичинен электр-техника, автомобиль), нефть ажыратуу, химия, кийим тигүү, булгаары бут кийим, тамак-аш (айрыкча эт). Буэнос-Айрес өлкөнүн башкы темир жол тоому жана Латын Америкасындагы ири деӊиз порту (жылына 20 млн тоннадай жүк ташылат). Эсейса эл аралык аэропорту иштейт. 1536-жылы негизделген. 1541-жылы көтөрлүшкө чыккан индейлерден чегинген испандар шаарды кыйратып, өрттөп кетишкен. 1580-жылы кайрадан калыбына келтирилген. 1776-жылы Рио-дела-Плата вице королдугунун, 1816–1826-жылдары Ла-Плата бириккен провинцияларынын, 1880-жылдан Аргентина Республикасынын борбору. Илимдер академиясы, университет, улуттук тарых, этнография музейи, «Колон» опера театры (Латын Америкасындагы эӊ ири театр) жана башкалар; XVIII кылымдын архитектура эстеликтери бар. Буэнос-Айрес – Түштүк жарым шардагы ири финансы борборунун бири. Шаарда Латын Америкасы менен Аргентинанын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан.