БЫЧУУЧУ МАШИНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЫЧУУЧУ МАШИ́НА – бычуу үчүн даярдалып коюлган кат-кат полотнону үлгүгө салып кесүүчү машина. Кездеменин бычылышы машинанын конструкциясына, кездеменин калыӊдыгына жана сапатына жараша болот. Тигүү өндүрүшүндө бычагы көбүнчө түз жана диск түрүндөгү машиналар колдонулат. Мындай машинанын бычагы болоттон жасалып, алдыга жана артка жылат. Бычагы диск түрүндөгү машина кесүүгө даярдалган материалды тез кесет.