БЭЙШАНЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЭЙША́НЬ – Борбордук Азиядагы тайпак тоо, Кытайда. Батышындагы Лобнор көлүнүн ойдуӊу менен чыгышындагы Жошуй (Эдзин-Бол) дарыясынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 700 км, жазылыгы 250 кмдей. Эӊ бийик жери – 2583 м (Мацзуншань чокусу). Негизинен жапыз тоолордон, келки массивдерден жана кырка тоолордон турат. Алар тоо аралык ойдуӊдар менен бөлүнгөн. Рельефтин эолдук формалары таралган. Климаты кескин континенттик, өтө кургакчыл (жаан-чачындын жылдык өлчөмү 40–80 мм) . Кумдуу шамал тез-тез болуп турат. Агын суулары жокко эсе. Айрым оёӊ жерлеринде суусу негизинен мала туздуу кудуктар кездешет. Таштуу чөл ландшафты басымдуу; кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан жерлерде – шалбаалуу шортоӊ өсүмдүктөр, айрым жерлеринде тугай токойчолору өсөт.