БЮЛЛЕТЕНЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЮЛЛЕТЕ́НЬ (фр. bulletin, итал. bulletino – жазылган кат, баракча) – 1) расмий актылардын, буйруктардын ж. б. жыйнагы; 2) расмий кыскача билдирүү (аскердик аракеттердин жүрүшү, ден соолуктун абалы, аба ырайы ж. б. жөнүндө); 3) өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө жаӊы маалыматтарды билдирип туруучу кайсы бир мекеме, уюм, органдын мезгилдүү же уланып чыгуучу басылмасы («Өкмөттүн бюллетени», «Жогорку Соттун бюллетени»); 4) шайлоо Бюллетени – талапкердин аты-жөнү жазылган документи; 5) медицина Бюллетени, башкача айтканда жумушка жараксыздыгы жөнүндөгү баракча.