БҮРГӨН ШЫБАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨН ШЫБАК (Artemisia scoparia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы шыбак уруусунун түрү; бир же эки жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 30–90 см. Жалбырагы татаал, жетиле элегинде түктүү. Жер бетинде, көбүнчө Европа, Азия, ошондой эле Кыргызстандын дыйканчылык зонасында кеӊири таралган. Анын курамында 0,09–1,1% эфир майы бар. Шыпыргы катары, андан тышкары кантала, бүргө ж. б. мителерге каршы да пайдаланылат.