БӨЛҮШТҮРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮШТҮРҮҮ э к о н о м и к а д а – өндүрүш менен керектөөнү байланыштыруучу звено. Ал өндүрүш каражаттарынын‚ керектөөнүн зарыл жана кошумча продуктуларынын бөлүштүрүлүшүн камтыйт. Бөлүштүрүү принциптери жана формалары өндүрүш жолуна жараша болуп‚ өндүрүштүн өнүгүшүнө таасирин тийгизет. Өндүрүш менен бөлүштүрүү бири бирине шайкеш келип‚ коомдук байлык пландын негизинде бөлүштүрүлөт. Адегенде өндүрүш каражаттарынын наркы калыбына келтирилет; калган экинчи бөлүгү улуттук кирешени түзүп‚ өндүрүштү өркүндөтүүгө сарпталат; улуттук кирешенин бир бөлүгү керектөө фондун түзүп‚ эмгекчилердин мүдөөсүн канааттандырууга жумшалат. Калган бөлүгү мамлекетти башкаруу менен өлкөнү коргоого‚ элге билим берүүгө‚ саламаттык сактоого‚ илим менен искусствого керектелет.