ВАГРАНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАГРА́НКА – куюу өндүрүшүндө чоюнду эритүүгө арналган шахта меши. 18-кылымдын экинчи жарымына чейин чоюнду эритүү кендин өзүндөгү домна мешинде, кийинчерээк чакан домна мешинде жүргүзүлгөн. 1774-жылы орус өндүрүшчүсү А. Р. Баташев азыркы колдонулуп жаткан мештердин алгачкы түрүн Гусев заводунда жасаган. Биринчи Вагранканын формасы 8 кырдуу болуп, кийинчерээк цилиндр түрүнө өткөн. Вагранка эриген чоюн жыйналуучу төмөнкү очоктон, шихта материалдары жайгашкан ортонку бөлүктөн, учкун өчүрүүчү жогорку камерадан турат. Вагранканын өндүрүмдүүлүгү саатына 30 тга чейин.