ВАДОДАРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАДО́ДАРА (мурунку Б а р о д а) – Индиянын батышындагы шаар, Гужарат штатында. Калкы 2,1 млн (2019). Жолдор тоому. Аэропорту бар. Барода княздыгынын мурунку борбору. Университет, музей, сүрөт галереясы, Лакшми-Вилас сарайы жана башкалар бар. Химиялык, металл иштетүү, фармацевтика, цемент, электр-техника, машина куруу (трактор заводу) өнөр жайлары бар. Вадодарага жакын Коялиде ири нефть ажыратуучу завод иштейт.