ВАКАЯМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАКАЯ́МА – Япониядагы шаар. Вакаяма префектурасынын административдик борбору. Калкы 944,3 миӊ (2017). Кинокава дарыясынын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Кии кысыгынын чыгыш жээгиндеги порт. 16-кылымда негизделген. Сепил, университеттер, парк бар. Вакаяма – ири өнөр жай борбору. Химия, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, электроника, кара металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аймактын борбору. Шаарга жакын Коя-Сан храм комплекси сакталган.