ВАКУУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́КУУМ (лат. vacuum – боштук) – басымы атмосфера басымынан өтө төмөн газ абалы. Бул түшүнүк негизинен белгилүү көлөм ичиндеги газга, кээде бош мейкиндиктеги, мисалы, космостогу газга карата колдонулат. Вакуумдун деӊгээли көлөмдүн ичинде калган газ басымын өлчөө менен аныкталат. Вакуумдун физикалык мүнөздөмөсү болуп газ молекулаларынын эркин кыймылынын узундугу λнын ар бир процесске же приборго мүнөздүү өлчөм dга (вакуум түтүгүнүн диаметри, электрвакуум приборунун электроддорунун ортосундагы аралык ж. б.) болгон катышы менен физикалык мүнөздөлөт. убакыт бирдигинде молекуланын орточо ылдамдыгынын кагылышуу санына болгон катышына барабар, ал молекуланын радиусу r жана көлөм бирдигиндеги молекулалардын саны п саны аркылуу туюнтулат: катышынын чоӊдугуна жараша төмөнкү , ортоӊку жана жогорку вакуумга айырмаланат. Төмөнкү вакуумда газдардын касиети молекулалардын өз ара энергия алмашып, тез-тез кагылышуусу менен шартталат. Ошондуктан мындай газдардын агымы илээшкектик касиетке ээ болуп, ал эми жылуулук өткөргүчү, ички сүрүлүүсү, диффузиясы алардын градиентинин жай өзгөрүшү же турактуулугу менен мүнөздөлөт. Ж о г о р к у вакуумдагы газдардын касиети алардын молекулаларынын камеранын капталына же башка катуу нерселерге урунушу менен шарталат, ал эми молекулалар өз ара чанда гана урунушуп, анча мааниге ээ болбойт. О р т о н к у вакуумдагы газдын касиети төмөнкү жана жогорку вакуумдагы газдын касиеттеринин орточосу болот. Вакуум электр приборлорун (радиолампаларды, кинескопторду, рентген түтүгүн, фотоэлементтерди ж. б.) жасоодо колдонулат.