ВАКЦИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВАКЦИНА ( барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКЦИ́НА ( лат. vaccinus; vacca – уй) – оору козгогуч микроорганизмдерден (бактерия, риккетсия, вирус) же алардын тиричилик аракетинен пайда болгон заттардан алынган иммунбиологиялык препарат. Ал адамда, жаныбарларда активдүү иммунитет пайда кылуу, дарылоо жана алдын алуу максатында даярдалат. Организмге вакцина киргизгенде тийиштүү жугуштуу ооруларга жасалма активдүү иммунитет пайда болот. 1796-жылы англиялык врач Э. Женнер адамды чечек оорусунан сактоо үчүн уй чечегинен 1-жолу вакцина алган. Сибирь жарасы (1881) жана кутурмага (1885) алгачкы тирүү вакцинаны франциялык микробиолог Л. Пастер алган. 1921-жылы франциялык илимпоздор А. Кальмет менен Ш. Герен сунуш кылган туберкулёзго каршы тирүү вакцина (БЦЖ) дүйнөдө ал ооруну бир кыйла азайткан. Вакцина тирүү, өлүү, химиялык жана антитоксиндер болуп бөлүнөт. Тирүү Вакцина атайын алсыздандырылган, оору козгоого жөндөмсүз, бирок организмде көбөйүп, иммунитет пайда кылуучу микрооганизмдерден даярдалат. Өлүү Вакцина физикалык жана химиялык факторлор менен өлтүрүлгөн микроорганизмден алынат. Химиялык вакцина микроорганизмдерден же алардын продуктуларынан атайын бөлүнүп алынган иммунитет пайда кылуучу активдүү компонент (антигендери) болуп саналат. Анатоксиндер бактериянын экзотоксиндерин зыянсыздандыруудан пайда болот. Бир козгогучтан даярдалган моновакцина – бир ооруга, экөөнөн жасалган дивакцина – эки ооруга, андан көп козгогучтан жасалган поливакцина бир нече ооруга каршы иммунитет пайда кылат. Ал ичилет, териге сыйпалат, булчуӊга, тери астына, териге куюлат. Иммунитет пайда болуу үчүн бир жолу вакцина киргизүү жетиштүү. Эмдөө кээ бир жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында сөзсүз, айрым учурда эпидемиялык көрсөткүчтөргө карата жүргүзүлөт. Учурда 30дан ашуун вакцина препараты колдонулат.