ВАЛДАЙ ДӨӉСӨӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛДА́Й ДӨӉСӨӨСҮ, В а л д а й Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батыш бөлүгүндө. Волга, Батыш Двина дарыяларынын жогорку агымдарынын жана Ильмень көлүнүн алабындагы дарыялардын суу бөлгүчү. Узундугу 600 кмден ашык. Бийиктиги 346 мге чейин. Мореналуу күдүрлүү рельеф басымдуу (Тихвин жалчасы, Вепса дөӊсөөсү). Көлдөрү көп, ирилери Селигер, Валдай. Ландшафтын коргоо жана аны рекреацияда пайдалануу максатында Борбордук токой коругу, Валдай улуттук паркы уюшулган.