ВАЛЬДХАЙМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЛЬДХАЙМ Курт (21. 12. 1918, Төмөнкү Австрия, Санкт-Андре-Вёрдерн – 14. 6. 2007, Австрия, Вена) – австриялык мамлекеттик ишмер, дипломат. Укук илимдеринин доктору. 1937–38-жылдары Вена консулдук академиясында окуган. 1939-жылы Вена университетинин юридика факультетине

тапшырып, 1944-жылы бүтүргөн. 1945-жылдан дипломатиялык кызматта. 1948–51-жылдары Париждеги австриялык элчиликте секретарь, 1951–55-жылдары ТИМдин кадрлар башкармалыгынын башчысы, 1955-жылы БУУда байкоочу, 1956–58-жылдары БУУнун посланниги, 1958–60-жылдары Австриянын Канададагы элчиси, 1960–64-жылдары ТИМдин саясий департаментинин башкы директору, 1968–70-жылдары тышкы иштер министри, 1964–68-жылы жана 1970–71-жылдары Австриянын БУУдагы туруктуу өкүлү, 1972–81-жылдары БУУнун 4-генералдык секретары, 1982-жылдан БУУнун өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча атайын өкүлү. 1986–92-жылдары Австриянын федералдык президенти болуп иштеген.
Эмг.: Австрийский путь. М., 1976.