ВАЛЮТА ОПЕРАЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВАЛЮТА ОПЕРАЦИЯЛАРЫ – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА ОПЕРАЦИЯЛАРЫ – банктардын‚ финансы-кредит мекемелеринин‚ ишканалардын‚ жеке адамдардын сатып алуу-сатуу‚ эсептешүү‚ чет өлкөлүк валютаны кредитке берүү боюнча ишмердиги. Валюта операциялары накталай («спот» бүтүмү) же валютаны анык жеткирүүнү курстук айырма алмаштырган учурда төлөмдөрдү эскертилген күндө төлөө (форварддык жана фьючерстик бүтүм) ишке ашырылат. Мөөнөттүү келишимдерге, ошондой эле аутрайт‚ опцион‚ своп кирет. Аны менен катарлаш Валюта операцияларынын камсыздандыруусу – хеджирлөө да өнүгөт.