ВАН (Түркиядагы көл)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ВАН 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН – Түркиянын чыгышындагы туюк көл. Армян тайпак тоосундагы тектоникалык өрөөндө 1646 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 3,7 миӊ км2дей. Тереӊдиги 145 мге чейин. Кеме жүрөт (Анкара – Тебриз темир жол парому). Суусу туздуу (19,1%). Чыгыш жээгинде Ван шаары жайгашкан. Ванга жакын Сюпхан жана Немрут жанар тоолору бар. Жээгинде Кыргызстандан ооп барган кыргыздардын чакан тобу жашайт.