ВАН ЯНЬДЭ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАН ЯНЬДЭ – 10-кылымда Чыгыш Теӊир-Тоого келген Кытайдын Сун династиясынын атайын элчиси. Ал өзү жазып калтырган маалыматтарда Турпандагы Уйгур Идикутунда («Ыйык Кут өлкөсү») жалаӊ гана уйгурлар эмес, башка түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын, йагмалардын жашагандыгын маалымдайт.
О. Каратаев.