ВАРГАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВАРГА́Н (лат. organum, грек. organon – курал, аспап) – темир ооз комуздун түрү; тилдүү какма музыкалык аспап. Жыгач, сөөк, темирден жасалат. Варганды кыргыздын ооз комузу сыяктуу тишке кыпчып, тилин сөөмөй менен

какканда, ооз көӊдөйүнүн чоӊоюп же кичирейгенине жараша добуш чыгат. Варган менен көбүнчө кыска күүлөр ойнолот. Варган негизинен Орто жана Түштүк-Чыгыш Азия, Африка элдеринде кеӊири таралган.