ВАРЗЕА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ВА́РЗЕА (португалча varzea – шалбаа, түздүк) – Амазонканын алабындагы дарыялардын бийик (6–18 м) жайылмаларына мүнөздүү ландшафттар. Варезаны дарыя эӊ катуу ташкындаганда гана суу каптайт; түргө бай, бийик өскөн көп ярустуу нымдуу тропик токойлору ээлейт. Кээде мезгил-мезгили менен суу каптап жаткан өрөөндөр бүт Вареза деп аталат.