ВАРЯГДАР
(ВАРЯГДАР – барагынан багытталды)

ВАРЯГДАР – скандинавдарга (норманндарга) байыркы орустар менен византиялык гректер берген ат. IX кылымда княздар (конунгдар) баштаган Варягдардын кошуундары Чыгыш жана Батыш Европага, ошондой эле Руска жапырып кирип, жергиликтүү калкты талап турган. IX–XI кылымдарда Варягдар чыгыш славян княздарына жалданып кызмат кылышып, жергиликтүү эл менен аралашып кеткен.
