ВАСИЛИЙ III ИВАНОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСИ́ЛИЙ III ИВА́НОВИЧ (23.3.1479, Москва – 4. 12.1533, ошол эле жерде) – 1505-жылдан Москванын улуу князы. Иван III Васильевич менен византиялык акыркы императордун жээни – Софья Палеологдун уулу. Мамлекетти борбордоштуруу үчүн атасы Иван IIIнүн күрөшүн уланткан. Анын тушунда чачыранды орус эли биротоло бириккен. Ал Псковду (1510), Литва менен согушта Смоленскини (1514), Рязань княздыгын (1521) кошуп алган, динчилерге таянып, оппозицияга каршы саясий күрөш жүргүзгөн, дворяндардын мүдөөсүн көздөп, алардын жер ээлөө укугун кеӊейткен. Анын тушунда орус маданияты бир топ өнүккөн.