ВАШИНГТОН КЕЛИШИМИ (1867)
ВА́ШИНГТОН КЕЛИШИМИ (1867) – Россия империясы менен АКШнын ортосундагы Россиянын Түндүк Америкадагы колонияларын Америкага сатуу жөнүндө келишими. 18(30)-мартта Вашингтондо кол коюлган. Бул идея алгач 1850-жылы америкалык тараптан көтөрүлгөн. 1860-жылы улуу князь Константин Николаевич жетектеген россиялык мамлекеттик ишмерлердин тобу (А. М. Горчаков, М. Х. Рейтерн) Түндүк-Америкадагы жерлердин Россия үчүн анча пайдасы жок экендиги жана АКШ менен мамилелерди бекемдөө зарылчылыгын белгилешкен. Жерлерди сатуунун жактоочулары аймактын алыстыгынан улам, аны коргоо мүмкүн эместигин, андагы Россия-Америка компаниясынын чыгаша тартып жаткандыгын далил келтиришкен. 1866-жылы орус өкмөтү колонияларды АКШга берүү тууралуу чечим кабыл алган. 1867-жылы мартта Россиянын Түндүк Америкадагы колонияларын АКШга 7 млн долларга сатуу тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр болуп өткөн. Вашингтон келишимине ылайык Россия АКШга жалпы аянты 1519 км2 түзгөн Түндүк Америкадагы бардык жерлерин берген, анын ичинде Аляска жарым аралы жана ага жанаша жаткан аралдар өткөн, Россия андан аскерлери менен флотун чыгарып кеткен. АКШ Россияга ал жерлер үчүн 7,2 млн доллар (алтын менен) төлөп берген. Эки мамлекет ортосундагы чек ара Беринг кысыгы жана Беринг деӊизи аркылуу белгиленген. Жергиликтүү калк АКШнын юрисдикциясына өтүп, калгандары 3 жыл ичинде Россияга кетүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Вашингтон келишимине 1867-жылы 3(15)-майда император Александр II, 28-майда АКШ президенти кол койгон.
Ад.: Болховитинов Н. Н. Русско-американские отношения и продажа Аляски. 1834–1867. М., 1990.